Тогуз-Торо районунун Тогуз-Торо айыл аймагында 2020-жылдын 6-июнь күнү саат 19:40 чамасында катуу жааган жамгырдын кесепетинен коктулардан келген сел суу аккан.

Анын кесепетинен Өрнөк айылындагы 6 турак үйдүн короосун, Өрнөк каналынын 27 метрин, 1 га эгин талаасын, 18 метр ички чарбалык арыктарды, 750 метр ички чарбалык унаа жолду, Казарман-Кара-Суу-Табылгыты унаа жолунун 13-14-чакырымын, Ичке-Коо тилкесинде болжол менен 27 га айдоо аянтты, Мазар-Булак тилкесинде 5 га көп жылдык чөп чабуучу аянттарын сел каптаган.

ӨКМдан маалымдагандай, жол каттамы жабылган эмес, унаалар кыйынчылык менен өтүүдө. 8-июнь күнү жеринде мезгил-мезгил менен жамгыр жаап, жер ылай болгондугуна байланыштуу калыбына келтирүү иш-чаралары жүргүзүлгөн жок.