Блогер блокКоом

Жолдошум мен ойлогон нерсени айта электе аткарат

Көп эле аялдардын оор турмушун көрүп кыздардын күйөөгө тийгиси келбей калганын окуп калам. Айрым аялдар жолдошунун кордугун, ага жасаган мамилесинен көңүлү сууганын турмушта кездештирип эле жүрөбүз. Жашоодо бардык эле эркектерди бир беткий караган болбойт экен.  Арасында өмүрлүк жарына, балдарына камкор, боорукер аталык милдетин так аткарган эркектер дагы жок эмес бар. Мисалы менин күйөөм ар дайым көңүлүмдөгүдөй, мен ойлогон нерсени айта электе аткарып турат.

Мен орточо үй-бүлөдө чоңойгон кызмын. Ата-энем элдин кыздарына окшоп жогорку окуу жайына окута албаса дагы кесиптик окуу жайга берип, тигүүчүлүк курсун аяктадым. Өз кесибим менен иштеп жүрүп азыркы жолдошум менен таанышып калдым. Ал борбор калаабыздагы базарлардын биринде соода-сатык кылып иштегендиктен биз турган ишканага күн алыс келип, кийим-кече алып кетип турчу. Мен дагы аны менен жакын болуп сүйлөшүп кетем деп үч уктасам да түшүмө кирген эмес. Тагдыр деген адамды бириктирип коет турбайбы. Мелис менен алгач таанышып, кийин мамилебиз ысык болуп, ал үйлөнүү боюнча сунушун айтканда эч ойлонбой туруп эле макул болдум. Анткени жанымда отурган кыздар Мелистин тыңдыгын, анын жакшы адам экенин мага караганда жакшы билишчү. Ошентип экөөбүздүн турмушка болгон алгачкы күндөр башталды. Убакыттын өтүшү менен бири-бирибизди түшүнүшүп, ынтымактуу үй-бүлөлөлрдүн катарын толуктап келе жатабыз.   

Боюмда барда талгак маалым болуп калды табитим эмнени тартса, эмнени жегим келсе ошону  алып келип берет, далыларым уюса массаж жасайт, төрөгөндөн кийин колумду муздак сууга салдырган жок. Эртеден кечке иштен чарчап келсе да кечинде бала карашат, жалаяк жууйт, тамак жасайт деги баарын кылып, жардам берет. Таап калган тамагын, акча таап келсе башка эркектерге окшоп ушул кезге чейин бир дагы милдет кылган жок. Белек берүүнүн адатка айлантып, көңүлүмү ушул кезге чейин такыр калтырган жок. Ушундай жолдошумдун бар экенине Жаратканыма ыраазымын.

Эркек жаман дей берсең “жаманмын мени ким жактырмак эле” деп жаман боло берет. Жакшысын, соонунсунң сен биздин үйдүн коргоочусусуң, балдарымдын атасысың менин сүйүктүү жарымсың деп жаш баладай эркелетип, ар дайым аны колдоп туруш керек. Эркекти үйдө кожоюн катары сездирсең ал эркек өзүнө бут жоопкерчиликти алат, багат, карайт коргойт… Андыктан жакшы эркектер жок эмес бар… Кыздар турмушка чыккыла бактылуу болгула биз аялдар бактылуу болууга татыктуубуз баарына энелик бакыт каалаайм!

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button