Кыргыз элине аттын кашкасындай таанымал актриса, Токтоболот Абдымомунов атындагы кыргыз улуттук драма театрынын артисти, Албина Имашова уулдуу болду.

Бул тууралуу актрисанын сахналаш достору кабарлады. Маалым болгондой, актрисанын буга чейин 2 кызы бар эле эми уулдуу болушуп көздөрүнөн сүйгүнүчтү гана көрүүгө болот.

Жолдошу Арнис Кыдырмашев дагы чыгармачыл чөйрөдө эмгектенет. Учурда ымыркайдын абалы жакшы. Биз дагы учурдан пайдаланып, ымыркайдын өмүрү узун, келечеги кең болсун демекчибиз.