Залкар акын Элмирбек Иманалиев 20-апрель күнү кечинде ооруканага түшкөндөн кийин көз жумган.  Ал кант диабети менен жабыркап жүргөн.

Элмирбек Иманалиевдин сөөгү 22-апрелде «Ала-Арча» көрүстөнүнө коюлган. 42 жаштагы акындын артында үч уул, үч кызы, эки небереси калды.

Акын 1978-жылы 17-январда Токтогул районунун Өзгөрүш айылында жарыкка келген. 15 жашынан төкмө акындардын республикалык, эл аралык конкурстарына, фестивалдарына катышып таанылган. Казак-кыргыз журтчулугуна төкмө акын, жазма акын, обончу, ырчы, актёр, манасчы катары таанылып, жалпы сүймөнчүлүккө ээ болгон. 2016-жылы КРдин эл артисти наамы берилген.