Сузак районунда мойуна дөңгөлөк артылып, кордолгон аял жолдошун кечирип, аны бошотууну суранууда. Жабырлануучу тосмо арыз жазган. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.

Учурда тосмо арызга карабастан териштирүү иштери жүрүп жатат. Буга чейин соттун чечими менен кордук көрсөткөн киши 15 суткага камакка алынган.

Сузак районунда 1969-жылы туулган Б.З. өз аялынын мойнуна дөңгөлөктөрдү артып, колун байлап, суу чачып кордогон. Эркек жубайынын чачынан тартып, бетке койгулап соцтармакка жүктөгөн.

Бул окуя коомчулуктун кызуу талкуусуна түшүп, элдин нааразы пикирин жараткан. Өкмөт дагы чечкиндүү кадамдарга барып, бул ишти дыкат көзөмөлгө алганы кабарланган эле.