Сузакта болгон зордук-зомбулук окуясы коомчулуктун кызуу талкуусуна түшкөн эле. Бул окуя чыгармачыл чөйрөдө дагы кескин сынга алынып, бул окуя боюнча ырчы, Мирбек Атабеков дагы пикирин билдирди.

«Алсыз эркек гана аялзатына кол көтөрөт! Менин энеме кол көтөргөн адамдар, тилеке каршы бүгүнкү күнгө чейин өз жазасын ала элек, эркиндикте жүрүшөт! Бул аялга дагы кол көтөргөн адамдын, эгерде таанышы же акчасы болсо, «жоопко тартылбай да калышы мумкун» деген шек бар! Биздин сотторго ишеничим жана үмүтүм жоголуп бараткансыйт!!!»

https://www.instagram.com/p/CBcazMbjcjT/