Сузакта жолдошунун кордугун көргөн аял экинчи топтогу майып. Бул тууралуу Сузак районунун социалдык өнүгүү башкармалыгынан билдиришти.

“Аталган аялдын ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген. Экинчи топтогу майып. Мындан 2 жыл мурун аялдын жүрөгүнөн операция жасалган. Күйөөсү тарабынан кыйноо олуттуу кесепеттерге алып келиши мүмкүн”,-деди башкармалыктан.

Буга чейин Сузак районунда күйөөсү тарабынан жубайына моюнуна дөңгөлөк артып, суу чачып кордогон тасма тараган. Бул окуя коомчулуктун кызуу талкуусуна түшүп, элдин нааразы пикирин жараткан.