Коом

Чүйдө бүтүрүүчүлөр артыкчылык аттестатына тест тапшырууда

Бүгүн, 17-июнда Чүй облусундагы мектеп бүтүрүүчүлөрү өзгөчө үлгүдөгү аттестат алуу үчүн тест тапшырып жатат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Чүй облусу боюнча жалпы 99 талапкер катталган. Анын 97си сынакка катышууда.

Тестирлөө бардык санитардык талаптарды сактоо менен өткөрүлүп жатат. Билимди баалоонун объективдүүлүгүнө доо кетирчү тобокелдиктер жокко чыгарылган.

Талапкерлер тестти планшет аркылуу атайын программанын жардамында тапшырып, жыйынтыкты дароо алышат.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button