Коом

Казакстанда жетекчилерден вирус аныкталып, чектөөлөр кайрадан күчөтүлдү

Казакстанда коронавирустун экинчи ирет жайылып кетиши байкалган соң карантиндик чектөөлөр кайрадан күчөтүлдү. Бул тууралуу өкмөт башчынын расмий сайтында жарыяланды.

«Эпидемиологиялык абал кескин начарлап кеткенине байланыштуу республика боюнча карантиндик чектөөлөр күчөтүлүп, алты ири шаарда алдыдагы дем алыш күндөрү эс алуу жайлары жана соода борборлору жабылат. Ошондой эле шаардык транспорт азайып, 65 жаштан жогорку курактагыларга сыртка чыгууга тыюу салынат», — деп айтылат билдирүүдө.

Мындан тышкары, өкмөт туристтик аймактарды жабуу тапшырмасын койду.

Өлкө боюнча коронавирус жугузуп алгандардын саны 18-июнь күнү 15 877ге жетти. Алардын арасынан 100 киши каза болду.

Ошону менен бирге, коңшу мамлекетте вируска кабылгандардын арасында жогорку кызмат адамдары дагы бар. Анда буга чейин, саламаттык сактоо министри Елжан Биртанов, парламенттин Мажилис төрагасы Нурлан Нигматулин, финансы министри Ерулан Жамаубаевден вирус жуктуруп алганы айтылса, бүгүн экс-президент Нурсултан Назарбаев коронавируска кабылганы белгилүү болду.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button