Коом

Мектеп окуучулары өз өлүмү тууралуу жазууга мажбур болушкан

Британиянын Лестер шаарындагы Ыйык Павел чиркөөсүнө караштуу мектепте билим алып жатышкан сегизинчи класстын окуучуларына буга чейин болуп көрбөгөн тапшырма берилген.

Карантинге байланыштуу аталган класстын окуучуларына үй тапшырма интернет аркылуу жөнөтүлгөн. Кызыгы, үй тапшырмада алар өлгөн соң өз күмбөзүндө кандай түстөгү гүлдөрдүн коюулуусун, кандай мүнөздөгү музыканын жаңыруусун, топурак салганы келгендердин ичинен кайсы белгилүү адамдарды көргүлөрү келерин, ал тургай, сөөгү жата турчу табыттын кандай түстө болуусун каалай тургандыктары тууралуу суроолор камтылган.

Журналисттердин суроосуна окуу мекемеси каргашалуу бул тапшырма балдарга жаңылыш жөнөтүлгөндүгүн билдирип, окуучулардан кечирим сураган.

Белгилей кетсек, ушул кыяздагы окуя 24-апрель күнү Түштүк-Сахалинде катталган. Анда дистанттык мүнөздө өтүп жаткан сабак учурунда окуучуларга жаңылыш түрдө порнографиялык ролик көрсөтүлгөн.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button