ИИМдин Ички коопсуздук аскер кызматы тарабынан коопсуздук чаралары боюнча өздүк курамдын арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, тийиштүү көсөтмөлөр берилүүдө.    Бул тууралуу, ИИМдин Ички коопсуздук аскер кызматынын Басма сөз кызматынан билдирди.

 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн короновирус илдетинин жайылышына байланыштуу тобокелдерди төмөндөтүү боюнча кошумча чаралар жөнүндөгү токтомуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички коопсуздук аскер кызматы анын жайылышына бөгөт коюу боюнча бир топ алдын алуу иш-чараларын жүзөгө ашырууда.

Учурда Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ички коопсуздук аскер кызматынын өздүк курамы Бишкек жана Ош шаарларында карантиндик режимди камсыз кылуу боюнча шаар четинде жайгашкан санитардык-карантиндик күзөттөрдө кызмат өтөөнү улантышууда. Ошону менен катар Ички коопсуздук аскер кызматынын колбашчылыгынын жана аскер бөлүктөрүнүн кызматтык бөлмөлөрүндө, тийиштүү аймактарында күн сайын илдеттен коргонуу боюнча санитардык иш-чаралар аткарылып, ал жетекчиликтин катуу көзөмөлүнө алынган. Карантин учурунда коопсуздук чараларын, жеке гигиенаны сактоо боюнча өздүк курамдын арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, тийиштүү көсөтмөлөр берилүүдө.