Бишкек шаардык мэриясы көп балалуу жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген үй-бүлөлөргө жана улгайган жарандарга колдоо көрсөтүүнү улантууда. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, коронавирустан улам кыйын абалда болгон жарандарга муниципалитет, бизнес жана кайрымдуулук фонддорду биргелешип, жардам көрсөтүүдө.

“26-июнга карата Бишкек шаарынын төрт районунан 131 миң 486 үй-бүлөгө колдоо көрсөтүлдү. Гуманитардык жардам жеткирүү улантылууда”, — деп айтылат билдирүүдө

Гуманитардык жардам керек болсо төмөнкү номерлерге кайрылуу керек. Арыздар күнү-түнү кабыл алынат.

Биринчи май району: 0 (312) 661537, 0702 493993, 0990 644410;

Ленин району: 0 (312) 656920, 0551 184328;

Свердлов району: 0 (312) 360707, 0703 906116, 0705 641833, 0705 038389;

Октябрь району: 0 (312) 576550, 0555 401681, 0709 812324.

Мэриянын ыктыярчылар штабы: 0551 573989.