Бишкектеги Ленин РИИБдин Криминалдык милиция кызматынын ыкчам кызматкери, милициянын ага лейтенанты Бердибай Элакунов каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 29-июнда ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Болжолдуу маалымат боюнча, анын өлүмүнө пневмония оорусу себеп болгон.

Элакунов Бердибай Билдебаевич 1983-жылы төрөлгөн. Ал 2015-жылы Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясын окуп бүтүргөн. Ал эми 2010-жылдын январь айынан баштап ички иштер органдарында иштеп баштаган. 2019-жылы 29-майда Ленин РИИБдин Криминалдык милиция кызматынын ыкчам кызматкери болгон.

Жакында эле Бердибай Элакунов ооруканадан видео тартып, жарандарды бет кап тагынууга чакырган. «Бул коркунучтуу оору», — деген ал.