Тегерандын Башкы прокурору Али аль-Каси Мехрдин билдирүүсү боюнча генерал Касем Сулейманини өлтүрүүгө катышкандыгы боюнча айыптоо менен АКШ президенти Дональд Трамп жана дагы 35 кишини камоого санкция берип, бул боюнча Иран бийлиги Интерполго тиешелүү арыз тапшырган.

Бирок, Интерпол өкүлдөрү уюмдун уставы «Саясий, аскердик, диний жана расалык мүнөздөгү кийгилигишүүлөргө жол бербей тургандыгын» белгилеп, Трампты кармоо боюнча Ирандын табыштамасы каралбай тургандыгын билдирген.

Белгилей кетсек, аскердик стратег жана Иран өлкөсүнүн Тышкы саясатынын архитектору Касем Сулеймани үстүбүздөгү жылдын 3-январында америкалык ракетанын соккусунан улам курман болгон жана аны өлтүрүүгө түздөн-түз Трамп буйрук берген.