Экс-депутат, экс-министр Каныбек Осмоналиев ресторандарды убактылуу ооруканага айландырууга чакырды. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.

«Урматтуу ресторан ээлери! 3 айга рестораныңыздарды COVID-19га госпиталга айлантпайсыңарбы? Сооп болот!», – деп жазган Осмоналиев.

Эске салсак, Каныбек Осмоналиев 26-июнда Бишкек шаардык сотунун чечими менен үй камагына чыгарылган.