Учурда өлкөдө абал курчуп, коронавирус илдетин жугузгандардын саны күн сайын өсүүдө. Ал эми ооруканаларда орун калбай, үйдө даарыланууну айтып атышат.

Бул абалды көрүп турган ишкер Бурул Кушбек жана жолдошу мейманканасын колдонууга берди.

«Өлкөдөгү абалды карап туруп кайдыгер боло албадык. Жолдошум Расул Айдаров, уулубуз Руслан Айдаров, болуп кеңешип ушул чечимге келдик. Орун жок деп больницалар албай жатат деген маалыматтар байма — бай чыгып жатат, эгерде муктаждык болсо биздин отелди да госпиталь сыяктуу пайдаланып турууга берели деп чечтик, канчалаган өмүрлөр сакталып, бир аз болсо да жеңилдик болот деген ишенимдебиз. Бириксек женебиз!»-деп жазган ишкер айым.