Без рубрикиКоом

Эски керебет алсак ээси бар экен. Үйүбүздө жаман окуялар көп болууда

Бул жолку келген катта каарманыбыз үйүнө балдарына эски керебет алып берип, үйүндө жаман окуялар көп болуп жатканын баяндаган. Каттын ээси эски буюмдарды алууда сак болууга чакырат. Текст өзгөртүүсүз берилет.

Түнкү саат 4:23. Улуу баламдын ыйлаганынан ойгонуп уктабай отурам. Мен соцтармактан жаш балдар үчүн сатыла турган эски керебетке көзүм түшүп, аны сатып алдым. Баасы арзан болгондуктан 600сомго алдым. Ошол эле күнү жеткирип беришип, көрүнүшү илгерки керебеттерге окшош эскилиги жетип калыптыр. Эки чети жыгач, ортосу тор темирден капталган. Чон балам жатат деп алып бердим. Күйөөм жумуштан келип эле керебетти көрүп жактырбай жаңысынан эле алып бермекмин да муну не кыласың деп сүйлөнүп калды. Мен өзүмдүкүн бербей эмне болуптур арзан акчабыз кетсе бир күндүк чыгымыбыз кеткендир деп анын оозун жаап койдум. Ал өзүң билесин да деп жатып алды.

Түндө кызымдын ыйлаганынан ойгонуп кеттим. Тырышып ыйлап жатат. Ичине массаж жасап кайра уктатып койдум. Бир маалда кайра ыйлады. Көтөрдүм эмиздим, суу бердим ыйы басылбай түнү менен көтөрүп таңкы 6да гана алы куруп байкуш кызым уктап калды. Ушундай түндүн төрт күнүн кызым экөөбүз уйкусуз өткөрдүк. Тан атып эки балама каша жасап телефонумдан мультфильм коюп кайра жатып алдым. Бир убакта уктап жатсам түшүмдө эки бала чуркап келип басып жатып калды үстүмө. Келме келтирсем оозумду колдору менен жабат. Эптеп бир тээп туруп кеткиче экинчиси келип басып калды. Бар күчүмдү жумшап аны да дубал талаштыра бир тептим. Ойгонуп кетип балдарымдын жанына чуркап чыктым. Бирок эч маани бербедим.

Ошол эле түнү кайра уулумдун ыйлаганынан ойлонуп не болду десем бир бала уруп жатат деп жүрөктү түшүрдү. Күйөөм тура калып суу ичирип телефондон балдар үчүн дуба коюп кайра жатып алды. Ашып кетсе 15 минут уктап кайра туруп дагы ыйлап сурасам дагы эле бир бала уруп жатат деди. Керебетке жатпайм деп атасы ортончу балам менен жерде жаткан ошолор менен жатып алды. Эми уктайттыр деп уктабай күтүп отурсам кайра ойгонуп эле эшикке чыгып кетип жатат. Колунан кармап каяка барасын десем, кусам деп ыйлап баштады. Кийимин кийгизип эшикке жетелеп чыктым. Кусуп салды кыпкызыл кылып. Не жегенин эстесем макарон жеген эле. Жок кызыл нерсе не болушу мумкун. Кайра кирип уктап калды. Эми бул керебетти буга чейин кайда колдонулган кандай сыры бар деп ойлоно баштадым. Албетте таң атаары менен сыртка чыгарып салдым да. Түнү атайын уулум ыйлабайт бекен деп атайын уктабай күтүп отурдум. Жок ыйлабай тынч уктады. Ишемби күнү таштанды ташыган машина келсе берем деп ойлоп койдум. Таң эрте кайненем алсырап, түнү менен басырык басканын айтып калды. Намаз да окуй албадым десе дароо оюм керебетке кетти.

Не болгон керебет бул. Балдар үйүнүкүбү же бала бакчаныкы. Бул керебетти талашып улуумду уктатпай талашкан кандай баланын арбагы болду экен деп ойлоп кайненеме болгонун айттым Жакасын кармап таштандыга таштап салгын, кереги жок деп коркуп кетти. Түнү дагы эшикке дааратканага чыксам 2 баланын сүйлөшүп жатканы угулуп, анда дагы эсим ооп жолдошум өзүмө келтирди. Азыр эми үйдү кантип тазалашты билбей жатам. Молдо чакырып тазалатат деп уктум эле. Эми чакыртып дем салдырып, эски буюмдарды албайын деп чечтим. Муну жөн эле жазбадым. Балдарыныздарга буюм алып берээрде ойлонунуздар. Мага окшоп арзанына кызыгып, бармак тиштеп калбаныздар. Муну мен эски буюм саткандардын соодасын токтоткон жокмун туура кабыл алыныздар. Сиздерге сабак болсун деген ойдо жаздым.

Булак: Кadam-media.kg

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button