КТРКнын мурдагы жетекчиси Илим Карыпбеков 2 тараптуу вирустук пневмония илдети менен алшып жатканын маалымдады. Бул тууралуу, ал өзүнүн социалдык баракчасына жазды. Оору менен алышып жатканына 2 апта болгонун, анын өпкөсүнүн 56 пайызы жабыркаганын айткан.

«Биринчи аптада өзүм айыгайын деп аракет көрдүм, бирок дене табым 39-40тан түшпөй койду. Бүгүн Улуттук госпиталда жатканыма 5 күн болду, палаталардын баары толуп калган. Негизинен 30-50 жаш курактагылар, арасынан күн сайын жандандыруу бөлүмүнө алып кетишет, жаш организмге да ооруну көтөрүү оор болууда. Титиреп, бууланган жерден чыккандай тердеп, көпкө чейин жөтөлүп, дем жетпей жаткан кыйналуулар. Коридордун баары көк жөтөл, дем жетпей жаткандагы үндөр…

Биздин дарыгерлер азыркы күндүн баатырлары, күн-түн дебей коргоочу костюмдар менен иштеп жатышат. Коридордо тынымсыз чуркап иштеп, үлгүрбөй жатышат. Көз айнектеринен чарчап, кызарган бирок боорукер көздөрү гана көрүнөт. Алар кимдир-бирөөнүн ата-энеси, агасы, эжеси, карындашы, балдары. Бейтаптардын абалында бир аз жылыш болсо бизден өтүп кубанышат. Кээ бирлеринин назик, алсыз каруулары COVID-19 же пневмониянын кесепетинен баса албай келген бейтаптарды көтөрүүгө күчтөрү жетпей, бизден жардам сурашат. Бейтаптарды каталкага салууга жардам беребиз, жандандыруу бөлүмүнө алып жөнөшөт. Биз аларды жөнөтүүгө жардам бергенибиз менен алар кайтып келеби деген ойдо калабыз.

Керек болгон бардык дары-дармектер дээрлик бар. Үч жолу тамак берет, кээде балык да берилет. Бирок бир нерсе мурдатан эле түшүнүктүү болуп келген — биздин саламаттыкты сактоо тармагыбыз түп-тамырынан бери реформага муктаж. Систем жок, эмне калган болсо реформанын болушу өтө зарыл экенин көрсөтүүдө. Биздин ооруканалар мыкты дарыгер, медайымдардын күчү менен кармалып турат», — деп жазган Илим Карыпбеков.