2020-жылдын 1-июлунан баштап Кара-Суу районунун аймагында милиция кызматкерлери коронавирус илдетинин жайылышына жол бербөө максатында калк арасында санитардык-эпидемиологиялык жана жеке гигиеналык эрежелерди сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

Түшүндүрүү иш-чараларынын жүрүшүндө милиция кызматкерлери эл көп топтолгон жерлерде коронавирус жугуштуу илдетинин жайылуу мүмкүнчүлүгү жогору болгондуктан, Кара-Суу районунун жашоочуларына санитардык-эпидемиялоогиялык эрежелерти туура сактоону түшүндүрүштү.

Андан сырткары, жаш өспүрүмдөр менен иштешүү боюнча инспекторлору тарабынан соода-түйүндөрүндө, темир жол бекеттеринде, автоунаа бекеттеринде, кафе жана ашканаларда иштеп жаткандарды жана кароосуз жүргөндөрдү аныктоо боюнча тийиштүү иш-чараларды алып барышууда.

Ошондой эле, Кара-Суу районунун милиция кызматкерлери менен тиешелүү кызматтары коомдук транспорттор менен таксилердин санитардык-гигиеналык эрежелерди сактоолору эскертилүүдө.
Ош ОИИБдин Басма сөз кызматы