Президент Сооронбай Жээнбеков ушундай оор мезгилде да өз капчыгын толтургусу келгендерди «эл душманы» деп атаарын медицина кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктаган кайрылуусунда айтты.

Бүгүн Жээнбеков ак халатчандарды куттуктап, алардын пандемия мезгилиндеги эмгеги менен түйшүгүнө таазим кылаарын билдирди.

«Илдет менен күрөшкө жардам берип, кол сунган мекендештериме ыраазылыгымды билдирем жана баарыңарды кайдыгер калбоого чакырам. Бүгүнкү күндөр журт биримдигин сынай турган мезгил экенин унутпайлы! Ушундай оор мезгилде да өз капчыгын толтургусу келгендерди «эл душманы» деп ачык айтам. Дары-дармектердин, бет каптардын, өздүк коргонуу каражаттарынын баасын көтөргөндөр жазасыз калбайт», — деген ал.

Андан сырткары элге, ишкерлерге, ыктыярчыларга да кайрылып, бизнес социалдык тилектештигин көрсөтөрүнө ишеним арткан.«Каптаган оору менен күрөшүү, адам өмүрүн сактоо үчүн бардык иш-чаралар жасалып жатат. Ошого карабай өлкөдө абал татаал бойдон калууда. Дарыгерлерге болгон муктаждык жогорулап, адистердин жетишсиздиги курч маселе болуп турат. Жеке клиникалар, коргоо жана күч органдарынын ооруканалары, аскер врачтары ишке тартылат. Медициналык окуу жайлардын жогорку курстарынын студенттеринен турган ыктыярдуу бригадаларды түзүүгө чакырам. Бизнес социалдык тилектештик көрсөтүп, медиктерибизди колдойт деп ишенем», — деген Жээнбеков.