Бүгүн, 4-июлга карата стационарларда пневмония менен дарыланып жаткан бейтаптардын саны 2122 адамды түздү. Бул тууралуу республикалык штаб билдирди.
Алардын ичинен:
- 153 адам жандандыруу бөлүмүндө;
- 496 бейтаптын абалы оор.
Ошондой эле бир суткада пневмониядан 31 бейтап каза болду. Муну менен көз жумгандардын жалпы саны 151 адамга жетти.
Аатлган бейтаптардын COVID-19 вирусуна карата тапшырган анализдери таза чыккан. Бүгүнкү күнгө карата 3009 адамдан пневмония аныкталып, анын ичинен 736 киши айыкты.