Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы 10-июлга чейинки Кыргызстандын аймагында күтүлүп жаткан аба ырайынын болжолу тууралуу маалымат таратты.
Чүй, Талас облустары
7-июлда жана 8-июлда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.
8-июлда күндүз тоо этектерде жана тоолуу райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн.
9-июлда түнкүсүн тоолуу райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Дыйканчылык аймактарда жаан жаабайт.
9-июлда күндүз жана 10-июлда түнкүсүн Талас облусунун кээ бир райондорунда, Чүй облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан жаап, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Чүй облусунун өрөөндөрүндө жаан-чачын күтүлбөйт.
10-июлда күндүз Талас облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй облусунун кээ бир райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрден 6-июлда, 9-июлда күндүз жана 10-июлда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
Бишкек шаары
7-9-июль күндөрү жана 10-июлда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.
10-июлда күндүз жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 6-июлда 14 метрге жетет.
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустары
7-июлда түнкүсүн Ош облусунун тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн. Ош облусунун дыйканчылык аймактарында жана Жалал-Абад, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.
7-июлда күндүз жана 8-июлда түнкүсүн жаан жаабайт.
8-июлда күндүз тоо этектерде жана тоолуу райондордо жаан жаап, бийик тоолуу райондорунда кар жаайт. Өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлбөйт.
9-июлда түнкүсүн тоолуу райондордо жаан жаап, күн күркүрөйт. Дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Ал эми күндүз Ош, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Жалал-Абад облусунун өрөөндөрүндө жаан жаабайт.
10-июлда түнкүсүн Баткен облусунун кээ бир райондорунда, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт. Күндүз Ош, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Жалал-Абад облусунун кээ бир райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрден 6-июлда, 9-июлда күндүз жана 10-июлда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.
Ысык-Көл облусу
7-июлда түнкүсүн кээ бир райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.
7-июлда күндүз жана 8-июлда түнкүсүн жаан жаабайт.
8-июлда күндүз кээ бир райондордо, 9-июлда түнкүсүн тоолуу райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.
9-июлда күндүз көпчүлүк аймактарында жаан жаап, күн күркүрөйт.
10-июлда түнкүсүн кээ бир райондордо, күндүз көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрден 6-июлда, 9-июлда күндүз жана 10-июлда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.
Каракол жана Чолпон-Ата шаарлары
7-8-июль күндөрү жана 9-июлда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.
9-июлда күндүз жана 10-июлда жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 6-июлда 15-20 метрге жетет.
Нарын облусу
7-июлда жана 8-июлда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.
8-июлда күндүз кээ бир райондордо жаан жаап, күн күркүрөйт.
9-июлда түнкүсүн кээ бир райондордо, күндүз көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.
10-июлда түнкүсүн кээ бир райондордо, күндүз көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрден 6-июлда, 9-июлда күндүз жана 10-июлда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.