Саясат

Жээнбеков: « Азырынча жалпы өзгөчө абал киргизүү маселеси карала элек»

Азырынча жалпы өлкө боюнча өзгөчө абал киргизүү маселеси карала элек, бирок жер-жерлердеги жетекчилер тарабынан киргизилген санитардык-эпидемиологиялык, карантиндик чектөөлөрдү бардык жарандар жана экономика субъектилери милдеттүү түрдө аткарышы керек. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков  Коопсуздук кеңешинин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, илдет менен күрөшүүдө жарандык жоопкерчиликтин деңгээли зор мааниге ээ.


“Биз кырдаалдын оор экенин ачык айтып жатабыз. Ар бир муунга ар кандай сыноолор туш келет экен. Биздин аталарыбыз, чоң аталарыбыз Улуу Ата мекендик согуштун азабын тартып, башын канжыгага байлап, бизге тынч, ачык асманды камсыздап берди. Бүгүн биз ушул илдет менен күрөшүп жатабыз. Жеңиштин эрте-кечи ар бир жарандын өз милдетин так аткаруудан көз каранды. Ал милдеттер өтө жөнөкөй: адистер айткан эрежелерди жана тартипти сактоо, жакыныңа жардам берүү”, — деп белгиледи президент.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button