2020-жылдын 7-июлуна карата республика боюнча СOVID-19 инфекциясынын жаңы 450 учур катталды:
Бишкек ш. – 229
Чүй облусу — 84
Ош ш. — 32
Ош облусу — 23
Жалал-Абад облусу — 47
Баткен облусу — 10
Ысык-Көл облусу — 13
Нарын облусу — 11
Талас облусу — 1

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 78 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Ал эми бир суткада 12 медициналык кызматкер ооруканалардан айыгып чыкты.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 1225 учур катталды, алардын ичинен 515 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан.