Республикалык штабтын койгон тапшырмасына ылайык, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаровдун буйругунун негизинде госпитилизация катары иштеп жаткан «Семетей» пунктунда кошумча талаа госпиталы орнотулду (мурдагы «Ганси» авиабазасы). Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Госпиталь 10 дарыгердин жана көмөкчүлөрдүн иштешине эсептелген. Госпиталдын түзүлүшү 3 бөлүмдөн турат: операция блогу, кароочу бөлүм жана материалдык балуулуктарды сактоочу бөлмө, алардын ар бирин 10 мүнөттүн ичинде жая салууга болот. Операция блогунда бир мезгилде 2 адамга операция жасоого жана стационардык дарыланууга муктаж 30 адамды тейлөөгө мүмкүн.

Ыкчам талаа госпиталы 10 күнгө чейин жабдуусуз, автономиялык түрдө иштей алат. Медициналык каражаттарды тиешелүү мамлекеттик орган камсыздайт.Талаа госпиталын орнотуу иштери министр Замирбек Аскаровдун жеке көзөмөлүндө ишке ашырылды. Иш-чарага жалпысынан министрликтин Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борборунан 30 куткаруучу тартылган.