Өткөн сукада Караколдо жана Манас районунда унаалар толугу менен күйүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, Каракол шаарынын Островский көчөсүндө жайгашкан №8 үйдүн жыгач устундуу шифер жабылган гаражынын 52 чарчы метр чатыры жана ичиндеги “Пассат” үлгүсүндөгү унаа толугу менен күйгөн.

Ошондой эле, Манас районунун Кара-Арча айылынын Акматалы көчөсүндө “Мерседес” үлгүсүндөгү унаа толугу менен күйгөн.