Коом

Кесиптик окуу жайларына абитуриенттерди тандоо эки тур менен өткөрүлөт

2020-2021-окуу жылында Кыргыз Республикасынын орто кесиптик окуу жайларына абитуриенттерди тандоо эки тур менен өткөрүлөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Джусупбекова билдирди.

Кабыл алуунун графиги:
13-31-июль
– 1-тур – Документтерди онлайн каттоо
3-август
– Кабыл алууга сунушталган абитуриенттердин тизмеси илинет
3-6-август
– Абитуриенттердин орто кесиптик орто окуу жайларга кабыл алууну каалоосун тастыктоосу

1-август – 20- август
– 2-тур – Документтерди онлайн каттоо
22-август
– Кабыл алууга сунушталган абитуриенттердин тизмеси илинет
23-30-август
Абитуриенттердин орто кесиптик орто окуу жайларга кабыл алууну каалоосун тастыктоосу

Абитуриенттердин арасында конкурс орто жалпы билими жөнүндө аттестаттын же негизги жалпы билими жөнүндө күбөлүктүн орточо баллынын суммасы жана конкреттүү адистик үчүн профилдик предметтин баасын эске алуу менен өткөрүлөт. Бул процесс атайын формуланын негизинде эсептөө менен жүргүзүлөт.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button