Коом

ДСУнун жетекчиси көпчүлүк өлкөлөр коронавируска каршы туура эмес жолго түшүп жатат дейт

 Коронавирус пандемиясына каршы күрөшүүдө көптөгөн өлкөлөр туура эмес жолго түшүштү, деп билдирди ДСУнун башкы директору Тедрос Адан. Бул тууралуу Евроньюс жазып чыкты.

«Эгер улуттук өкмөттөр жарандарга инфекциянын санын азайтуу жана адамдардын өмүрүн сактап калуу боюнча стратегияны так түшүндүрүп бере албаса, эгерде калк коронавируска каршы — кол жуу, маска кийүүнүн негизги эрежелерин сактабаса, анда бизде пандемиянын бир гана сценарийи болот: кырдаал начарлай берет» , — деди ал .

Эпидемиядан улам бир канча өлкөлөдө карантин  киргизилгенине карабай, учурда инфекциянын экинчи толкуну башталууда.

Түштүк Африка кайрадан коменданттык саат киргизип, алкоголь сатууга тыюу салды.

Морокконун Танжера портунда миллиондогон жарандар обочолонууга алынды. Соода тармактары, кафе-ресторандар кайрадан жабылды.

Казакстандын президентти Касым-Жомарт Токаев кечээ күнү  карантин кайра эки жумага созулаарын айтты.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button