16-июлга карата бир сутка ичинде пневмониядан 41 бейтап каза болду. Алардын ичинен 20 адам республика боюнча жана Бишкекте 21 адам. Март айынан бери жалпы каза болгондордун саны – 612 адам.

Өткөн сутка ичинде 7 бейтап COVID-19 инфекциясынан каза болду.

Алар:

-Кыргыз-Түрк достук ооруканасынан – 1 (эркек, 78 жашта);
— Баткен облустук ооруканасынан – 1 (аял, 71 жашта);
— Нарын облустук ооруканасынан – 1 (аял, 72 жашта);
-Жайыл аймактык ооруканасынан – 2 (аял, 42 жашта, эркек 63 жашта);
-Кара-Буура аймактык ооруканасынан – 1 (эркек, 79 жашта;
— Панфилов ЖДПК – 1 (эркек, 53 жашта).

Жалпы каза болгондордун саны 167 кишини түздү.