Коом

Видео — Президенттин демилгеси: Ишкер Туманбаев элге бекер дары-дармек таратты

Кечээ, 16-июлда Президент Сооронбай Жээнбековдун демилгесин колдогон ишкер Каныбек Туманбаев жакшы саамалык кылды. Миӊдеген бейтаптарга “Клексан” жана “Арбидол” дарыларын бекер таратты.

“Азыр ынтымак менен элди сактап калышыбыз керек. Көп ишкерлер, колунда барлар салым кошуп жатат. Президентибиз аларга ыраазычылыгын айтып, ынтымак менен вирусту жеӊүүгө үндөдү. Мен дагы атуулдук парзымды аткарып, керек болуп жаткан дары-дармектерди алып келдим. Азыр, башка жактан көп көлөмдө дары сатып алып келүү оӊойго турбайт экен.

Бүт дүйнө кыйналып, алар дагы дары чыгарбай жаткан учур. Кыйынчылыктар болду, бирок президент Сооронбай Шариповтчьин колдоосу менен маселелер чечилип, дарыларды алып келдик. Элдерге акысыз таратып, аймактарга дагы жөнөттүк. Элге болгон камкордук бул гана эмес, дагы салым кошобуз”,-деди Каныбек Туманбаев.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button