Коронавирусту дарылоо боюнча протоколду иштеп чыгууга катышкан вице-премьер-министр Аида Исмаилова жана Саламаттыкты сактоо министрлигинин бир катар эксперттерине карата Башкы прокуратурага жана Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине «Партнёрская сеть» ассоциациясынын башчысы Айбар Султангазиев арыз менен кайрылды. Бул тууралуу ал өзү «Фейсбуктагы» баракчасына билдирди. 

«Бүгүн мен Башкы прокуратурага, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке жана Коопсуздук Кеңешине бир топ адамдардын, анын ичинде вице-премьер-министрдин COVID-19 оорусун дарылоону чектөө боюнча атайылап иш-аракет жасоо, шалаакылык фактысы боюнча арыз бердим. Иштелип чыккан клиникалык протокол COVID-19ду дарылоо ыкмаларын колдонууга тоскоол болуп, Кыргызстандын жарандарынын арасында коронавирустун оор учурларынын көп болушуна жана өлүмдүн жогорку деңгээлине алып келди», — деп жазган ал. 

Султангазиев кошумчалагандай, анын арызы буга чейин КРнын Кылмыштырдын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Ошондой эле ал өзүнүн даттануусун 5 мамлекеттин клиникалык көрсөтмөлөрүнүн салыштырма талдоосу менен негиздеп, биздин өлкөдө коронавирустан каза болгондордун саны азыраак болушу мүмкүн эле деген жыйынтыкка келгенин айтты.