ГФР канцлери Ангела Меркель ЕБди калыбына келтирүү фонду боюнча бир катар өлкөлөрдүн талаптарына карата жасалган айрым бир бир «моюн толгоолорго» өкүнбөй тургандыгын, ошондой эле өлкөлөр ортосундагы компромисс кыйынчылыктар менен ишке ашкандыгын билдирди.

Дүйшөмдү күнү кечинде Брюссель шаарында ЕБ лидерлеринин саммити башталып, жума күнгө чейин созулган. Анда лидерлер бюджетти жана кризистен Европа экономикасын калыбына келтирүү фонду тууралуу сөз кылышкан.

Белгилей кетчү нерсе, Еврокомиссия фонд эсебинен 500 миллиарды субсидия, ал эми 250 миллиардды зайым катары пайдаланууну сунуштаган. Бирок, Нидерландия, Дания, Швеция жана Автрия өңдүү «экономдуу төртилтик» өлкөлөрдүн басымы менен фонд конфигурациясы өзгөрүүгө дуушар болгон. Тагыраак айтканда, өлкөлөр 390 миллиард еврону субсидия, ошондой эле 360 миллиард еврону зайым катары пайдалануу чечимин кабыл алышкан.