Раушан Айткулова деген аял бар. Ал аял Раушан болгонго чейинки жомокторунан кыскача айта кетели. Бул аял кадимки Касымалы Жантөшовдун «Каныбегиндеги» Алтын Көкүл Раушан эмес, карапайым эле алдамчы Роза Качиева Раушан болуп алганын төмөнкү фактылардан улам билебиз.

Түпкү жайы Таластын Кара Буурасынан. Телевидениеге келип, «Замананын» таңкы берүүлөрүндө алып баруучу болуп иштеп калган. Өңү жылма, ишенимге тез киргени менен айырмаланып, кыска убакытта карьера жасаганга жетишет. Бир эле учурда «Замана» таңкы теле берүүсүндө иштеп жатып «Айчүрөк» соода үйүнүн кожоюну Италиялык ишкер Фиакони мырза менен директору кыргыз аялды он миң долларга отургузуп кетет. Кийин акчасын алдатып жиберген эже Качиеванын артынан издеп жүрүп, оорулуу болуп калды. Ал ортодо Бишкек ИВСине кармалып, шылуундук боюнча шектелип сурак бере баштайт. Дал ошол сурак учурунда ал кездеги президент Аскар Акаевдин атын айтып, «Мени тез арада кое бербесеңер Акаев мени жетинчи кабаттагы иш бөлмөсүнөн зордуктаган, ошону ачыкка чыгарам» деп коркутат. Бул маалымат тез эле ак үйгө жетип, Акаевдин эң ишенимдүү адамы Болот Жанузаков жана ал кездеги Бишкек шаарынын мэри Борис Силаев Роза Качиеваны Москвага узатышат. Акаев бийлиги кулайт. Ошону менен иштин жабылуу аягы жабылуу бойдон калат. Майрам Акаеванын «Бул шермендени кармасам чачын бирден жулам» деген тилеги ишке ашпай, алар качууга аргасыз болушат.

Бакиев заманы орнойт. Түз Кыргызстанга кире албай Роза Качиева алгач Алматыга жайгашат. «Медиа холдинг түздүм» деп ак үй, көк үйдөгүлөргө айттыра баштайт. Максим Бакиевге түз чыга албай Адыл Бакиев менен байланыш түзүүгө көп аракет жумшайт. Буга ал учурдагы күйөөсү В. Рыкунов жардамга келет. Иштери оңунан чечилгенче эле Бакиевдер да качууга ааргасыз болот. Күйөөсүнүн атына өтүп алган Роза Качиева Раушан Рыкунова болуп келип, жөн келбей талашта турган «Мега комдун» кожоюндарынын атынан келет. Ошентип аферистик ишин эми эл аралык деңгээлде улантат. Ал кездеги Убактылуу Өкмөттөгүлөрдүн эч кимиси жанына жакын жуутпайт. Эбин таап Азимбек Бекназаровдун ишенимине кирет. Ишенимине эле кирип тим болбой, ал кездеги Бекназаровдун партиясы аталган «БЭКтен» төртүнчү болуп катталып, шайлоого катышат.

 Кыскартып айтканда Роза Качиева зериктирбей көп фокустарын жасай баштайт. 30 миллион сомдон ашык Мегакомго тиешелуу деген акча Качиеванын моюнуна илинип, мурунку күйөөсү В. Рыкунов экөө тең камалат. Дал ошол учурда ал кездеги парламент депутаты Токон Мамытов менен ГСИНдин башчысы Ш. Байзаковдун ортосунда уруш чыгып, ал мамлекеттик денгээлге көтөрүлөт. Роза Качиева ГСИНдин директору Байзаковдун кабинетинде жашап калат… Пиар иштери менен шугулданат. Ошентип отуруп Байзаков аркылуу мурун УКМКнын тергөөчүсү болуп иштеп, кийин адвокат болуп кеткен Икрамидин Айткулов менен таанышып, аны адвокат кылып жалдайт. Сот процееси бүтө электе эле Айткуловду үй бүлөсү менен ажыраштырып, ага тийип алат. Кыскасы ушундай «Санта Барбара». Анан ушул аял азыркы президентке морал үйрөткөндө….