Коом

Кыргызстан Кытай менен тышкы карыз боюнча макулдашууга жетишти

Кыргызстан Кытай менен тышкы карыз боюнча макулдашууга жетишти. Бул тууралуу өкмөттөн маалымдады.

Алардын билдирүүсүндө, Кытай Кыргызстандын карызынын 2020-жылдагы төлөмдөрүн токтотуп турууга макул болду. Учурда карыз мөөнөтүнүн узартуу шарттары иштелип жатат.

Мындан сырткары Кыргызстан 2020-жылдагы карызды тейлөө боюнча төлөмдөрдү 3-4 жылга жылдырып туруу жөнүндө Сауд өнүктүрүү фонду, Кувейт араб экономикалык өнүктүрүү фонду, Франция, Германия, Дания, Корея, Япония мамлекеттери менен макулдашты.

15-апрелде «Чоң жыйырма» жана насыя берүүчү өлкөлөрдүн уюму (Париж клубу) тарабынан Эл аралык валюта фонд менен Дүйнөлүк банк колдоого алган жакыр өлкөлөрдүн (алардын катарында Кыргызстан бар) карыз төлөөсүн токтотуп туруу демилгеси жактырылган. Бул демилгенин алкагында Кыргызстан өз кредиторлоруна тышкы карызды төлөөнү токтотуп туруу боюнча кайрылган.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button