Учуучу аппараттар аркылуу химикат менен ууландырып жатат деген калп маалыматтарга ишенбегиле. Бул тууралуу транспорт жана жол министри Жанат Бейшенов брифингде билдирди.

Анын айтымында, социалдык тармактар аркылуу жалган маалыматтар көп таркоодо, андыктан аларга ишенбөө керек.

“Жалпыңыздарды мындай маалыматтарга ишенбөөгө чакырам, биздин өлкөдө бир дагы учуучу аппарат аркылуу мындай нерселер аткарылган жок. Кечээ, кимдир бирөө кайрадан тик учак (вертолет) аркылуу химикаттарды чачып баштады деп жазды, бирок чындыгында андай эмес. Кичүү учуучу аппарат “Автожир” окууларды өткөрүүдө”, — деди Жанат Бейшенов.