КоомСаясат

Кырдаалдан пайдаланган Кылычтын кылыгы

Өмүрбек Текебаевдин этегин кармап, эрмешип жүрүп саясатка аралашкан, анын кадрларынын бири,  “Супер инфо” маданий оюн-зоок гезитинин негиздөөчүсү Кылычбек Султанов качан болбосун кырдаалдан пайдаланганды жакшы билет.

Көп жылдар боюу гезити аркылуу атын чыгарып, ал тургай мамлекеттик телеканалдардын бирине директордун орун басары кызматын аркалаган. Кылыгы элге ачык эле маалым, ал Текебаевдин тапшырмаларын аткарып жүрүп, тез эле көтөрүлдү.  Ага ич күйдүүлүк жок. Болгону артындагы түртүп турганы ага кызмат алып берип, абдан барктаганынын себеби эмнеде болду экен деген зор кызыгуу гана бар. Министр болгондо деле эшектин тушагын чече албай жүрүп эле, акыры уятынан кызматты өткөрүп берген. Кийин Малазиядагы элчилик кызматынан кетти. Эки жылдык элчилик орунда деле элитадагылардын эч бирисинин ичин чыгара тургандай  иш алып бара албады.  Ал кызматтан кетүүсүн Конституциянын өзгөртүүсүнө каршы болгонунан улам кетүүгө мажбур болгонун убагында айтып чыккан. Айтмакчы ошол 2016-жылы ал Баш мыйзамды өзгөртүүгө каршы үгүт тобуна 100 миң сом которгон. Ошондо дагы Текебаевдин баш мыйзамга кошкон эмгегин жактап, саясат жасоо менен элчиликти тапшырган. Бирок анын бул кызматтан кетүүсү коомчулук үчүн анча деле кызыгуу жараткан эмес.

Шефинин кызыкчылыгы үчүн Атамбаевге жолугам, айтчу сөздөрүм бар деп АШАга кире албай жүргөн учурлары да болду. Ошентип жүрүп АШАнын тилин таптыбы же тескерисинче тилин баса турган дарысын таптыбы, айтор, 2017-2018-жылдары Түштүк Кореяга элчи болуп кетти. Бул кызматта дагы оңчулуктуу отура алган жок.

Элчилик сапаты жок, эптеп бир майлуу кызматка жетүүнү, анан ылайыгы келгенде ылай саясатты чыгара калып, башка жээкке өтүүнү жакшы өздөштүргөн Кылычбек Султанов  тим калбай, ТИМдин системасында так кадрдык саясат жок экендигин айтып, ал өлкө башчынын кароосуна кирип, акыры Коопсуздук кеңешинин катчылыгы Кореяда элчи болуп жүргөн Кылыч мырзанын айткан мыйзам бузуу фактыларын жана ТИМдин аны кызматтан бошотуу тууралуу жүйөсүн текшерип, өз жыйынтыгын чыгарганын дагы айта кетпесек болбойт.

Иликтөөнүн жүрүшүндө министрлик тараптан кадрдык саясат боюнча кемчиликтер кетип, анын кесепетинен министрликтен кызматтык мүнөздөгү маалыматтар жана документтер тышка жарыяланып кетип жатканы билинген. Ошондой эле Кылычбек Султан Малайзияга мыйзамсыз каттап, Кореяда өзү менен чогуу жашабаган жубайына мамлекеттен акча алып жатканы дагы ачыкка чыккан. Тагыраагы, Кыргызстандын Кореядагы элчиси болуп турганда ТИМ менен макулдашпай туруп, Малайзияга жеке иштери менен каттап турган. «Дипломатиялык кызмат жөнүндө» мыйзамга ылайык, Кыргызстандын чет өлкөдөгү мекемесинин кызматкери жолдошу менен узак убакыт иш сапарларда болсо, анын бир айлык акысынын 30 пайызы маянасына кошумча төлөнөт. Текшерүүнүн жүрүшүндө Султандын жубайынын Кореяда элчи менен чогуу жашаганын тастыктоочу документтер алынган эмес. Ага карабай ТИМ 2018-жылы элчинин жубайы үчүн 6,5 миң доллардан ашык каражатты негизсиз төлөп берген. Кылычбек Султан Тышкы иштер министрлигинин көзүн будамайлап, резиденцияда жашабай узак убакыт мейманканага жайгашканыагы финансылык мыйзам бузуу болуп саналары айтылган. Ошондой эле Юстиция министрлигинин маалыматы боюнча Султан мамлекеттик кызматта иштеп туруп, бир эле учурда «Супер», «Супер кроссворддор», «Супер сканворддор» гезиттери чарбалык субъектилеринин жетекчиси болгон.

Айтор, айта берсе, Кылычбек Султанов деле апакай эмес.  Малайзиядагы элчи кызматынан бошотулгандан кийин Кылычбек Султан жана анын үй-бүлө мүчөлөрү Малайзиянын ТИМине 2019-жылдын февралына чейин жарактуу болгон «аккредитациялык карточкасын» өткөрүп бербей белгиленген тартипти бузган.

Кийинки Кореядагы элчилик кызматында дагы көп деген мыйзам бузууларга барганын, мамлекеттик кызматкердин ишмердүүлүгү боюнча мыйзамда көрсөтүлгөн талаптарды, дипломаттык этика нормаларын бузганын Тышкы иштер министрлиги кабарлаган.

Чындык, адилеттүүлүк качан болбосун калкып чыгат. Азыркы тапта дагы Атамбаев жана анын арам акчасына иштеп жаткандар уктаган жери жок. Атамбаевдер бир нече ММКларды колго алып, ашыкча каражат төлөп, президент Жээнбековду кара пияр аркылуу жаманатты кылуу аракетин көрүп жатышат. Бир топ аттуу-баштуу саясатчылар менен катар эле Кылычбек Султанов дагы кайра кызматка келүүнү көксөп, кай жерден ыңгайлуу учур болсо, ошол жерде гезити менен куралданып, маалыматтарды таратып жатат.

 Кореядагы элчиликтен кеткенде  мас аялдан саясат издеп, Каденова түштүктөн болоорун баса белгилешип, элди ызы- чуу кылып, бул окуя Атамбаевдин айланасына балдай жагып, валерьянканы шылтоо кылуу менен президент Сооронбай Жээнбековдун короосуна таш ыргытып, Каденова президент менен ичкендей же президент ага куюп бергендей айгайлашкан.

Бүгүн дагы ошондой нерселерди президентке чаптай албай убара тартып турушат. Албетте, жыгылган күрөшкө тойбойт дегендердин катарында кимдер гана жок. Ошолордун этегине илешип келе жаткан Кылычбек Султанов жакшысы өз гезитиндеги бухгалтердик эсептер туурасында отчет берсе болмок. Мамлекетти алдайм дегени менен салыктан катып, качып, мыйзамсыз иш жүргүзгөнү тууралуу маалыматтар бар.

Кылычбек Султанов гезит ачып, гезитинин тиражы менен Текебаевдин купулуна толуп, анын арты менен ар кандай кызматка келсе эле өзүн кыйын ойлойбу? Айтмакчы, бир учурларда Атамбаевдин эшигин жыртса, кийин Сооронбай Жээнбековдун дагы эшигин жыртып жүргөнү маалым. Андан майнап чыкпагандан кийин ар кайсыл дөңдү сүзүп, эми элди августтун башында аянтка митингге чакырык жасап жүрөт.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button