Өлкө боюнча учурда стационарларда 12 385 бейтап коронавирустан дарыланууда. Бул тууралуу Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, медициналык жардам алып жаткандардын басымдуу бөлүгү Бишкек шаары менен Чүй облусунда.

  • Бишкек — 5 729;
  • Ош шаары — 677;
  • Чүй облусу — 1 641;
  • Ысык-Көл облусу — 878;
  • Ош облусу — 1236;
  • Баткен облусу — 622;
  • Жалал Абад облусу — 972;
  • Талас облусу — 323;
  • Нарын облусу — 307.