“Коопсуз шаар” долбоору боюнча айыппулдар тез жардам унааларын алууга багытталат. Бул тууралууөкмөттүн басма сөз кызматынан кабарлады.

Маалыматка ылайык, премьер-министр Кубатбек Боронов өкмөткө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздоо фондуна “Коопсуз шаар” долбоору боюнча тез жардам унааларын сатып алуу үчүн атайы аккумуляцияланган 145 млн сом суммасындагы акча каражаттары боюнча ыкчам тартипте тийиштүү документтерди даярдоону тапшырды. 

“Өкмөттүн 2019-жылдын 18-февралындагы № 56-токтомуна ылайык, долбоорго тартылган мекемелер арасындагы бөлүштүрүүдөн соң, каражаттын калган бөлүгү республикалык бюджетке түшөөрү каралууда. Аталган токтомдо 50% калдык максаттуу түрдө Милдеттүү медициналык камсыздоо фондунун кызыкчылыгында “медициналык тез жардам унааларын алуу жана аларды тийиштүү медициналык жабдуулар менен камсыздоо үчүн” топтолоору тууралуу талап киргизилген.

Учурда Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан тийиштүү даярдык иштери башталган.”-деп айтылат маалыматта.