Кыргыз Республикасынын Өкмөтү салык отчетторун тапшыруунун мөөнөтүн 2020-жылдын 1-октябрына чейин узарткан чечим кабыл алды.

КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 23-июлдагы №394-токтому менен салыктык отчеттуулукту, мамлекеттик социалдык камсыздандыруу каражаттары боюнча отчеттуулукту, ошондой эле жергиликтүү маанидеги инфратүзүмдү өнүктүрүү боюнча отчетторду берүү мөөнөтү 2020-жылдын 1-октябрына чейин узартылды.

Токтом кырдаалдын начарлап бара жаткандыгына байланыштуу, аймактык салык органдарында калктын жыйналуусуна жол бербөө жана Ковид-19 коронавирус инфекциясынын таралуу коркунучу менен тобокелчиликтерин азайтуу максатында, ошондой эле бизнес коомчулуктун кайрылуусуна байланыштуу кабыл алынды. 

Документ жеке ишкерлер жана уюмдар үчүн 2020-жылдын 1-октябрына чейин (жазуу жүзүндөгү арызысыз)  мөөнөт берүү менен:

— Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин аймактарынан Кыргыз Республикасынын аймагына товарларды импорттоодо кыйыр салыктар боюнча салыктык отчеттуулуктан тышкары салыктык отчеттуулукту, 2020-жылдын экинчи кварталындагы отчеттук мезгил/же 2020-жылдын 1-июнунан 31-августуна чейинки отчеттук мезгил үчүн;

— мамлекеттик социалдык камсыздандыруу каражаттары боюнча отчеттуулукту 2020-жылдын экинчи кварталындагы отчеттук мезгил/же 2020-жылдын 1-июнунан 31-августуна чейин;

— жергиликтүү маанидеги инфратүзүмдү өнүктүрүүгө жана күтүүгө чегерүүлөр (FORM STI-157) боюнча отчетту 2020-жылдын экинчи кварталындагы отчеттук мезгил/же 2020-жылдын 1-июнунан 31-августка чейин узартты.

Белгилей турган нерсе, токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2020-жылдын 1-июлунан тарта күчүнө кирет, башкача айтканда артка карай күчкө ээ жана эгер салык төлөөчү көрсөтүлгөн убакытта (2020-жылдын 15- жана 20-июлунда) отчетторду бербесе, анда ага эч кандай жоопкерчилик чаралары колдонулбайт.

Токтом долбоору демилгеленип 2020-жылдын 10-июлунан тартып Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн сайтында жайгаштырылган.