Урматтуу кыргызстандыктар!
«Ата Мекен» партиясы ар дайым адилеттүүлүктүн тарабында турат, бийликтин каталарын ачык сынга алат жана акыйкаттыктын позициясын акырына чейин сактайт. Бул үчүн, партия жана анын жактоочулары бийликтин да, ыймансыз саясий атаандаштарынын да кара пиарларынын бутасына айланган.

Бирок, буга карабастан, «Ата Мекен» шайлоочулардын ишеним рейтингинде алдынкы орунду ээлөөдө, жана социологиялык сурамжылоого таянсак, алдыдагы парламенттик шайлоодо жеңишке жетүү үчүн негизги талапкер болуп саналат. Дал ушул фактор коомдук тармактарда партияга жана анын лидерлерине каршы активдүү кара пиар кампаниясын баштаган адамдар үчүн чечүүчү ролду ойнойт.

«Ата Мекендин» позициясын кетирүү үчүн буйрук бергендерге жана акылсыз аракеттерди жасагандарга кайрылабыз: күч-кубатыңызды жакындарыңызга жардам берүүгө, өлкөдөгү реалдуу көйгөйлөргө көңүл бурууга, өзүңүздүн психологияңызды жана ден-соолугуңузду сактоого жумшаңыз.

Урматтуу интернет колдонуучулар!
«Ата Мекен» командасы ар дайым сөз жана ой эркиндигин коргоп келген. Биз кыргызстандыктардын укугун жана эркиндигин бузууга багытталган бардык мыйзамдарга каршы туруктуу добуш бердик. Жана биз эч качан өз чечимибизди өзгөртпөйбүз, анткени эркиндик жана акыйкаттык биз үчүн эң негизги баалуулук. Шайлоо алдында, бизге каршы жасалма материалдарды таратуу кампаниясы күчөйт. Биздин каршылаштар ыплас ыкмаларды колдонуп, тымызын иш аткарып көнүп калышкан. Биз, бүткүл өлкө боюнча жүз миңдеген колдоочуларыбыз, буга даярбыз. Биз коркпойбуз жана аларга окшоп тымызын иш аткарбайбыз. Күрөштүн бул ыкмасы «кара» күчтөрдүн тарабында кала берсин. Бирок, өлкөдөгү оор кырдаалда жана коомдун моралдык абалы начар болуп турган кезде, адамдардын эмоцияларында жана сезимдеринде ойноп, саясий манипуляциялоо мүмкүн эмес деп эсептейбиз.

Саясий көз карашка карабастан, бардыгын Интернетте же ЖМКда жасалма маалымат провокацияларына алдырбоого чакырабыз. Өзүңүзгө жана жакындарыңызга кам көрүңүз!

Баарыңыздарга ден-соолук каалап,
«Ата Мекен» саясий партиясынын катчылыгы.