Жакын арада Тажикстанда электр энергиясына чектөө киргизилет. Тажик өкмөтү бул кадамга күз-кыш айларында электр энергиясынын таңсыктыгынын алдын алуу үчүн аргасыз барып жатканын билдиргенин жергиликтүү басылмалары жазып чыкты.

Электр энергиясын чектөөнүн негизги себеби быйылкы суу тартыштыгы деп айтылууда.

Маалыматка ылайык,  2019-2020-жылдары Вахш жана Пянж дарыяларынын башына кар мурунку жылдарга салыштырмалуу жарым өлчөмдө жааган. «Мындай кырдаал Тажикстанда биринчи жолу болуп жатат”, — деп айтылган билдирүүдө.

Тажик өкмөтү жарандарын, мекемелерди, компанияларды жана ишканаларды электр энергиясын үнөмдөөгө чакырды.

Тажик бийлиги 2017-жылы мындан ары күз-кыш айларында электр энергиясына чектөө киргизилбейт деп жарыялаган. Ага чейин октябрь айынан тартып март-апрелге чейин күнүнө бир нече саат гана электр энергиясы берилчү.