Өздөрү алыста болсо да көөдөнү мекенинде болгон,  Лейлек районунан алыскы чет өлкөгө бакыт издеп кеткен атуулдар , калк кыйналып турганда кайдыгер карабай колунан келген жардамын жасоодо.

Америкада, Россияда, Бишкекте эмгектенип жүргөн Лейлек районунун тургундары, аймактык ооруканаларга пандемия менен күрөшүүдө зарыл болгон кычкылтек консентраторлорун, пульсоксиметр, термометр, коргонуучу жана дезинфекциялоочу каражаттарды,ошондой эле 250миң сомдук клексан, гепарин дарыларын беришти.

Мындан сырткары Лейлек районунун жана Сүлүктү шаарынын жаштары биргеликте 100 керебет жасатып, күндүзгү стационар үчүн колдонууга тапшырышты.

Келген жардамдар муктаждыкка жараша ооруканаларга бөлүнүп берилген.

Калк башына күн түшкөндө бир муштумга айланып, канчалаган жарандарга өмүр тартуулап, колунан келген жардамын берген патриот жарандарыбыздын четте карап турбаганы кубандырат. Өз кезегинде ушундай чыгаан уул кыздарды барктап коомчулук ыраазычылыгын билдирүүдө.