Washington Times гезитинин билдирүүсүнө караганда АКШ администрациясы өлкөдөгү кытай дипломаттарынын санын Кытайдагы америкалык дипломатиялык өкүлчүлүктүн санына чейин кыскартууну талап кылат.

Гезиттин маалыматы боюнча АКШдагы кытай дипломаттарынын саны белгисиз. Мамлекеттик департаменттин маалыматы боюнча Вашингтондогу кытай элчилигинде 245 кызматкер, мындан сырткары Нью-Йорк, Сан-Франциско, Лос-Анджелес жана Чикаго шаарларында дагы дипломаттардын жоон тобу иш алып барат.

Белгилей кетсек, 21-июль күнү АКШнын Хьюстондогу башкы консулдугун жабуу талабына Кытай Чэнду шаарындагы Америка башконсулдугун жабуу менен жооп кайтарган.