Түштүк Кореянын өкмөтү Кыргызстанга жана өнүгүп келе жаткан беш мамлекетке коронавируска каршы күрөшүү үчүн 5,15 миллион доллар каражат бөлөт. Бул тууралуу өлкөнүн Стратегия жана финансы министрлигине таянып, жергиликтүү KBS телеканалы билдирди.

Жардамды алуучулардын катарында Кыргызстан менен кошо Вьетнам, Камбоджа, Гаити жана Уганда мамлекеттери бар. Каражаттар Түштүк Корея менен Дүйнөлүк банктын биргелешкен фонддору аркылуу чегерилет.

Маалыматка ылайык, Колумбияда бул каражат санарипти колдонуу жолу менен коронавируска каршы көрүлгөн чараларды бекемдөө үчүн жумшалса, Гаитиде текстиль өнөр жайынын жеке коргонуу шаймандарын өндүрүү тармагына өтүүсүн колдоо үчүн сарпталат.

Кыргызстанда бул каражат «өлкөнүн санариптик инфраструктурасын» жакшыртууга багытталган билим берүүчү долбоорлорун ишке ашырууга багытталат.


Булак: Спутник кж