Жалал-Абад шаарында 14 жаштагы кыз көз жарды. Бул маалыматты жергиликтүү басылмаларга Жалал-Абад шаардык эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын жетекчилиги ырастады.

Маалым болгондой, медицина кызматкерлерине жашы жете элек кыз кош бойлуу болгону тууралуу маалымат түшкөн. Мындан улам шаардык мэриянын алдындагы балдарды коргоо комиссиясында кыздын тагдыры каралган. Анда апасы кызы жыныстык катнашка барган жигит менен сүйлөшүп жүргөндүгүн, бирге болууга каршы болсо өз өмүрүнө кол саларын айтканын билдирген.

«Кыз дарыгерлердин тынымсыз көзөмөлүндө турду. Биздин кызматкерлер да кабар алып жатышты. Эне-баланын абалы жакшы. Апасынын үйүнө чыгарылган. Биздин кызматкерлер кыз да, бала да жашы жете элек болгондуктан көзөмөлгө алып жатышат», — деп айтылат маалыматта.

Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматынан алынган маалыматка караганда, кыз кош бойлуу мезгилинде териштирүү жүргөн.

«Медпункттан түшкөн маалыматтын негизинде териштирүү жүргөн. Кыздын үйүнө барганда ал турмушка чыкканы, кош бойлуу экени аныкталган. Топтолгон материалдар каттоого алынып, 16 жашка толо элек кыз менен жыныстык катнашка баруу беренеси менен иш козголуп, тергөө жыйынтыкталганда соттун кароосуна жиберилген. Соттун чечими боюнча күйөөсү 3 жылга үй камагына чыгарылган», — деп билдиришти милициядан.

Кыз менен жыныстык катнашта болгон жигит 19 жашта экендиги айтылууда.

Булак: Турмуш кж