Чет мамлекеттерден биздин жарандарды кайтаруу боюнча КР Президентинин жана Өкмөттүн тапшырмасын аткаруунун алкагында, Кыргызстан менен Казакстандын тышкы саясий мекемелеринин ортосунда Казакстандын аймагы аркылуу РФтин Оренбург облусунан КР жарандарын чыгарып кетүү үчүн кезектеги транзиттик коридор уюштуруп берүү макулдашуусу жетишилди. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирет.

Кыргызстандын жарандарын Россиядан кайтаруу автобустар колоннасы менен бир нече этапта ишке ашырылат. Биздин жарандар менен автобустардын биринчи колоннасы 3-августта кечинде келери күтүлүүдө.

КР ТИМ Россияда болуп жаткан биздин жарандарды Россия-Казакстан мамлекеттик чек арасы көздөй расмий ачылганга чейин барбоого чакырат.

Коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүү боюнча ыкчам штабдын чечимине ылайык, Россия-Казакстан мамлекеттик чек арасында мекендештердин кезектеги топтолушун болтурбоо максатында, Москвадан, Новосибирсктен жана Екатеринбургдан туруктуу негизде Россиядан Кыргызстанга учкан чартердик каттамдардын саны олуттуу түрдө көбөйтүлдү.