Тез жардам унааларын сатып алуу үчүн 145 млн сом бөлүндү. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов онлайн брифингде билдирди.

«Мамлекеттик ооруканаларды жана бейтапканаларды тартипке келтирүү боюнча иштер жүрүүдө. Мамлекет өз күчү менен 3 жаңы оорукана – Бишкек, Ош жана Нарын шаарларында курууда. Мындан тышкары аймактарда бош турган имараттардын багыты өзгөртүлүп, ооруканага ыңгайлаштырылууда. Бул объекттердин бардыгы керектүү медициналык жабдуулар менен камсыздалат. Мурдагы «Ганси» авиабазасынын аймагындагы «Семетей» обсервациялык жайынын багыты өзгөртүлдү. Учурда ал жерде толук жабдылган 1300 орундуу жугуштуу оорулар клиникалык ооруканасын түзгөнгө жетиштик. Анда 50 орундуу реанимация бөлүмү ачылды. Ошол эле территорияга лаборатория ачуу пландалды. Мындан тышкары тез жардам унаасын сатып алуу үчүн 145 млн сом бөлүндү», — деди өкмөт башчы.

Премьер-министр ошондой эле сезондуу курч респиратордук вирустук инфекция жана сасык тумоого каршы эмдөө иштери үчүн сентябрь айында вакциналар сатылып алынарын айтты. Мында калктын социалдык аярлуу катмары акысыз эмдөөдөн өтөт.