Карантин шартында бир катар мамлекеттик жана жеке менчик ишканалар кызматкерлерин аралыктан иштөөгө мажбур кылды. Алсак, Казакстанда кызматкерлер үй шартында иштеген учурда продукциянын көлөмү 35 %га түшүп кеткен. Бул тууралуу IDF Eurasia аналитикалык финансылык технология компаниясынын изилдөөсүндө айтылат.

Изилдөөгө ылайык, июлда башталган карантин учурунда кеңсе кызматкерлери талаптагыдай иштин жүрүшүн камсыздай албай, тескерисинче артка кеткен.

Кызматкерлердин натыйжалуу иш көрсөтө албагынын себептери:

  • Аралыктан иштеген учурда көп кызматкерлер депрессияга туш болушкан
  • Үй шартында иштеген учурда сыналгы, балдар оюну, үй-бүлөдөгү баарлашуу иштөөгө тоскоолдуктарды жараткан.
  • Кесиптештер арасында диалогдун жоктугу. Бул нерсе кесиптик ишти илгерлертүүдө эң негизги курал болчу.

Адистер мындан улам аралыктан иштөө натыйжа көрсөтө албаганын эске алышып, компания өкүлдөрү кызматкерлердин кесиптик чеберчилигин жогорулатууда карантиндин шарттарын сактоо менен иш алып барууга чакырат.