Бириккен Араб Эмираттарынын президенти Шейх Халифа Аль Нахайян дүйнө жүзүндөгү эң бай башкаруучу болуп саналат. Анын байлыгы болжол менен 150 миллиард долларды түзөт. Кызыгы, монархтын дүйнө жүзү боюнча өзү көрө элек хан сарайлары бар.

Алардын көпчүлүгүн бир түнөп кетүү үчүн гана сатып ала берген. Араб лидери курорттордо эс алганды жактырат. Ошентсе да, көпчүлүк учурларда анын Персия куймасындагы Azzam деп аталган өз яхтасында эс алып жаткандыгын угууга болот. Анын узундугу 180 метр, наркы 615 миллион доллар. Яхтада 500 адам кызмат кылат.

Белгилей кетчү нерсе, өмүрү басып келбегендигине карабастан Нахайян сатып алган хан сарайлардын көпчүлүгүндө үй кызматчылар иштешет. Мындай хан сарайларынын саны канча экендигин монарх али күнгө чейин так билбейт.