Коом

Төшүн чоңойткон аялдын силикон имланты жарылып, өмүрүн араң сактап калышты


42 жаштагы америкалык аял өзүнө ишенимдүү болгусу келгендиктен төшүн эки өлчөмгө чоңойткон.

Операциядан алты ай өткөндө, Племонс өнөкөт  оору менен жабыркай баштады. Убакыттын өтүшү менен анын чачы түшө баштады. Бир аздан кийин анын угуусу жана көрүүсү бир топ начарлап кеткен. Ооруганы ушунчалык күчөгөндүктөн, мурда ден-соолугу мыкты болгон америкалык аял төшөктөн тура албай калганда өлүп жатканына көзү жетти.

Акыр-аягы, дарыгерлер анын жашоосу  алты ай гана калганын  билдиришти. Текшерүүдө анын сол эмчегиндеги силикон импланты жарылып кеткени маалым болот.

Адистердин айтымында, төшүн чоңойткон операциясынан кийин аялдарда ден-соолукка байланыштуу көйгөйлөр пайда болот.

Племонсто тезинен анын импланттарын алып салган пластикалык хирургду табат.  Операциядан кийин ал узак убакыттан бери  биринчи жолу тирүү сезилгенин мойнуна алды. Ал аялдарга өзүлөрүн сүйүүнү, кимдир бирөөгө жагынуу үчүн пластикалык операция жасабоону кеңеш берди.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button